Биз менен байланышыңыз

G20 саммитине даярдык: Индия бийлиги маймылдарды шаар четине кубалап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Сен 2023 | 279 | 0

9-10-сентябрь күндөрү Индиянын борбору Нmю-Делиде «Чоң жыйырманын» саммити өтөт. Учурда саммитке карата эң жогорку даражада даярдыктар көрүлүүдө.

Саммитке байланыштуу Индия бийлиги бир катар чектөөлөрдү киргизди. Тактап айтканда, саммит учурунда шаар дээрлик изоляцияга алынат. Мамлекеттик мекемелер, мектептер, банктар, жеке компаниялар бул күндөрү иштебейт. Өкмөттүк имараттардын айланасында транспорт кыймылдарына да чектөө коюлат.

Ошондой эле Нью-Делинин башка штаттар менен болгон чек арасы да жабылат. Ал эми шаардын борборунда патруль кызматы көчөдөгү маймылдарды кубалоо иштерин аткарууда. Тагыраагы, маймылдар саммитке келген конокторго ыңгайсыздык жаратпашы үчүн аларды шаар четине кубалоо боюнча атайын программа кабыл алынган.

Нью-Делинин көчөлөрүндө миңдеген маймыл жашап, алар көп учурда адамдардын колундагы тамак-ашын уурдоого аракет кылат. Мындан улам аларды коркутуу үчүн тосмолорго байлап койгон маймыл сүрөттөрүн илип чыгышкан.

Дүйнөнүн лидерлери чогула турган «Чоң жыйырманын» саммитте жалпы 100 миңден ашык милиция коопсуздукту камсыздайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM