Connect with us

Wildberries Кыргызстандан товар ташууну убактылуу токтотту

Кыска кабар | 8 Сен 2023 | 509 | 0

Wildberries Кыргызстандан товар ташууну эки жумага токтотту. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Wildberries компаниясынын өкүлү Максим Губанов менен жолугуп, аталган платформа аркылуу Кыргызстандан товарларды ташууга байланышкан олуттуу көйгөйлөрдү талкуулады.

Товар ташууну токтотууга казак тараптын айрым документтерди көрсөтүү талабы себеп болгон.

«Күн сайын Wildberries 5 тоннадан ашык товар жөнөтөт, жалпы суммасы 25 миң доллардан ашат жана бул башталышы гана. Мындай жагдай бул платформа аркылуу иштеген кыргызстандыктардын кирешесине олуттуу таасир этиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Темир Сариев көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Аба каттамы жана темир жол аркылуу товарларды жөнөтүү сунуштары берилди. Бул варианттардын баары кылдат изилденет.

Copyright © 2017 Maral FM