Биз менен байланышыңыз

Алматыда мектеп автобустары иштей баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Сен 2023 | 338 | 0

Коңшу Казакстандын Алматы шаарында быйылкы жаңы окуу жылынан тарта мектеп автобустары иштей баштады. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

Долбоор пилоттук негизде башталып, «АлматыЭлектротранс» Алматы шаардык билим берүү башкармалыгынын жардамы менен 100 автобус сатып алган. Анын 50сү — 21 орундуу, дагы 50сү — 40 орундуу. Баарынын өңү ачык сары түскө боелгон. Бул сары автобустар азыркы тапта күн сайын 30 мектептин 8258 окуучусун ташып жатат.

Мектеп автобустары бардык талаптарга жооп берип, авариялык чыгуу жолдору, коопсуздук куру, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн пандусу жана өрт коопсуздугу үчүн керектүү шаймандары бар.

Азыркы тапта пилоттук долбоорду улантуу үчүн 2024-жылдын башында дагы 50 автобус сатып алынары айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM