Биз менен байланышыңыз

Коомдук транспорттун айдоочуларына 150 миң сом айып салынды

Кыска кабар | 7 Сен 2023 | 325 | 0

Кыргызстанда «Коомдук транспорт» аталышында рейд жүрүп, айдоочуларга 150 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Рейд башкармалыктын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жүргүнчүлөрдү ташыган маршурттук унаалардын техникалык абалын текшерүү максатында жүргүзүлгөн.

Рейддин жүрүшүндө коомдук транспорттордун жалпы техникалык абалы, санитардык талаптардын сакталышы, ошондой эле айдоочулардын жол эрежелеринин толук кандуу сакташын текшерилди.

Техникалык бузуулары бар автоунаалардын айдоочуларына, техникалык абалы оң абалда эмес маршруттук унааларды каттамга чыгарган механиктерине жана башка аныкталган жол эрежелерин бузуулары үчүн жалпысынан 150 миңден ашык айып салынды.

Мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM