Биз менен байланышыңыз

Гүлшат Асылбаева Антимонополия кызматына жетекчи болду

Кыска кабар | 7 Сен 2023 | 239 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Гүлшат Асылбаева Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына төрайым болуп дайындалды.

Айта кетсек, бул кызматка кечээ эле Айбек Мамыралиев дайындалган болчу. Ал бүгүн кайра ишинен бошотулганы маалым болду.

Гүлшат Асылбаева 1960-жылы Казакстандын Кордай районундагы Георгиевка айылында туулган. 1982-жылы Москвадагы соода институтун аяктаган.

2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат болуп шайланган. Ал коомчулукта чуу жараткан «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын авторлорунун бири болгон.

Ушул жылдын 4-майынан бери «Бакай Банктын» тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетин жетектеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM