Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кыргызстан-Индонезия бизнес форуму өтөт

Кыска кабар | 7 Сен 2023 | 192 | 0

Бишкекте 11-сентябрда Кыргызстан менен Индонезиянын бизнес коомчулугунун катышуусунда форум өтөт. Иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында өтмөкчү. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин Индонезиянын Кыргызстандагы элчиси Сунарио Картадината менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Индонезия кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, халал-индустрия жана патенттик укук чөйрөсүндө кызматташуу, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча перспективалар талкууланды.

Өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү максатында тараптар саламаттык сактоо, маданият, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жана спорт тармактарындагы типтүү макулдашуулардын долбоорлорун макулдашуу процессин тездетүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле тараптар эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү боюнча жемиштүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM