Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Комуз күнүнө карата чоң программадагы концерт өтөт

Кыска кабар | 7 Сен 2023 | 183 | 0

Бишкекте Комуз күнүнө карата 9-сентябрда чоң программадагы концерт өтөт. Иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында белгиленет. Башталышы саат 18:00дө, каалоочулар үчүн кирүү акысыз.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, быйылкы иш-чара залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат.

Кыргызстанда Комуз күнү быйыл бешинчи ирет белгиленүүдө. Бул майрам Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM