Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерге 4,38 млрд сом каржылык колдоо көрсөтүлдү

Кыска кабар | 7 Сен 2023 | 162 | 0

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков текстиль жана жеңил өнөр жай боюнча «Өнөр жайлык өз ара аракеттенүү-2023» бизнес-форумуна барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумга тигүү тармагынын жана мамлекеттик органдардын 100дөн ашык өкүлү катышты. Форумдун максаты: бизнес климатты жакшыртуу жана инвестицияны турукташтыруу үчүн мамлекеттик кызматкерлер менен натыйжалуу иштешүү. Ишкерлер ата мекендик продукцияны экспорттоо жана каржылоо боюнча суроолор менен кайрылышты.

Финансы министринин орун басары Татиков «Микро, чакан жана орто ишканаларды колдоо» долбоорунун алкагында кайтарымсыз каржылык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

«Бул долбоор өлкөнүн бардык аймактарында ийгиликтүү ишке ашырылууда жана 2027-жылга чейин уланат. Бүгүнкү күндө долбоордун алкагында 7 миңден ашык ишкер жалпысынан 4 миллиард 389 миллион сомдук каржылык жардам алышты», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM