Биз менен байланышыңыз

Nestlé Кыргызстанда өндүрүштүк ишкана ачууну ойлонуп жатат

Кыска кабар | 7 Сен 2023 | 380 | 0
Nestlé өкүлдөрү менен жолугушуу.

Кыргызстанга дүйнөдөгү эң ири азык — түлүк өндүрүүчү Швейцариянын Nestlé трансулуттук корпорациясынын өкүлдөрү келди. Бул тууралуу Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинен кабарлашты.

Жолугушууда агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов Кыргызстандагы жагымдуу инвестициялык климат жана экспорттук потенциал тууралуу айтып берип, продукцияларды өндүрүү тизмегинин бир бөлүгү боло турган 200дөн ашык атамекендик экспорттук компаниялардын тизмеси менен тааныштырды.

Швейцариянын трансулуттук корпорациясынын өкүлдөрү өндүрүштү Кыргызстанда да ачуу мүмкүнчүлүгүнө кызыкдар экендиктерин билдирип, өлкөнүн географиялык жайгашуусу жана инвесторлор үчүн жеңилдетилген шарттар жагымдуу экендигин белгилешти.

Nestlé S.A (толук аталышы — Nestlé Société Anonyme) — дүйнөдөгү эң ири тамак-аш өндүрүүчү. Компаниянын негизги мекемеси Швейцариянын Веве шаарында жайгашкан. Анын продукциялары дүйнө жүзү боюнча чоң суроо-талапка ээ жана KitKat, Maggi, Nescafe, Nesquik, Nestea маркадагы бренд.

Copyright © 2017 Maral FM