Биз менен байланышыңыз

Самыйкожо: Мектептерге китеп алып берүү үчүн депутаттардын айлыгынан акча бөлөлү

Кыска кабар | 7 Сен 2023 | 1290 | 0

Мектептерге окуу китептерин алып берүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары айлык акысынан акча бөлүшү керек. Мындай сунушту депутат Мирлан Самыйкожо парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында айтты.

Ал мындай демилгени Жогорку Кеңеш баштап, башка мамлекеттик мекеме-ишканалар, ишкерлер, каалаган жарандар улантканы жакшы болорун кошумчалады.

Мектептерде окуу китептеринин жетишсиздиги быйыл да сезилди. Билим берүү министрлиги 2023-жылы жаңы окуу китептерин басып чыгарууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча көбөйтүлгөнүн жана 152 млн сом болгонун кабарлады.

«Окуу жылы башталды, окуучуларга китеп жетпей турат»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM