Биз менен байланышыңыз

«Окуу жылы башталды, окуучуларга китеп жетпей турат»

Коом | 6 Сен 2023 | 498 | 0

Окуу жылы башталгандан тарта китеп тартыштыгы боюнча маселе жаралып келет. Бул жылы да дүкөндөрдөн, жер астындагы өтмөктөрдөн китеп издеген ата-энелерди көрүүгө болот. Алардын бири Бейшенбек Таабалдиев Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынан атайын китеп сатып алуу үчүн келген. Китеп издеген чоң атаны баасынан да, жыл сайын авторлордун алмашып жатканы убарага салат.

«Жыл сайын эле ушундай көрүнүш, мектепте китеп  жетпейт. Менин алты неберем бар. Ар бирине китеп сатып берүүгө аргасызбыз. Азыр сурасам, бир китеп 250 сомдон экен, кыйын эле болуп жатат. Эң кыйыны, быйыл бешинчи класска жараган китеп эмдиги жылы жарабай калат экен»

Бишкектин «Ош» базарына жакын жердеги жер астындагы өтмөктө китеп саткан соодагер Сабыржан Курманалиевдин айтымында, китептердин жаңысы кымбат, эскиси арзан сатылып жатат. Ошондой эле китептин баасына нааразы болуп, соодагер менен уруша кеткендер да бар.

«Былтыркы жылга салыштырмалуу китеп сатып алуучулар быйыл аябай көп. Мамлекеттин басмаканалары чыгарган китептер кымбат келип, биз үстүнө бир аз акча кошуп сатканда ата-энелер нааразы болуп, бизди урушуп кетип жатышат. Мамлекет жок дегенде китеп менен камсыз кылып койсо болмок. Билим берүү министрлиги да китептердин аталыштарын эрте айтып койбойт, ошон үчүн азыр тыгылыш болуп, эл кыйналып жатат».

Китеп саткан өтмөктү аралап жүрүп, соодагер менен кардарлардын урушуна да күбө болдук. Аларды арачалоого аракет кылган Аламүдүн районунун Озёрное айылынын тургуну Наргиза Абдуназарова да китептер мектептин китепканасында эмес, базардын текчесинде турганына нааразы.

«Окууну бүткөнүмө он жыл болду. Ошол убакыттан бери сатып алып, окуп келе жатабыз. Бир балам бар мектепке барган. Азыр бир-эки китепти эле 1600 сомго сатып алдым, дагы онго жакын китеп сатып алышым керек. Менде бир эле бала бар, бул жакта алтыдан ашык балдары барлар китеп издеп жүрүшөт. Эмне үчүн биздин өкмөт ушул китепти бекер кылып камсыздап койбойт?»

Каражаттын тартыштыгынан улам былтыр алган китептерин сатып, ордуна жаңысын алууга аракет кылгандар бар. Алардын бири — Нурбек Касымбеков.

«Былтыр 250 сомдон алганбыз, азыр сатайын десем, бул жактагылар 50 сомго арзан айтып жатышат. Кымбатчылык заманда китепти ушундай баада сатып алсак, башка нерсесине кантип каражат жеткиребиз?»

Билим берүү жана илим министрлиги берген маалыматка таянып айтсак, 2023-жылы окуу китептерин басып чыгарууга республикалык бюджеттен 152 млн сом бөлүнгөн. Быйыл жалпысынан 7-класстар үчүн «Физика» китеби кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде, ушул эле тилдерде 8-класстар үчүн «Химия» китеби жалпысынан 36 миң нускада окуу китеби басылып чыккан. Ошондой эле «Диндердин өнүгүү тарыхы» окуу китеби 123 миң нускада басылып чыгып, өлкөнүн бардык мектебине таратылган.

Copyright © 2017 Maral FM