Биз менен байланышыңыз

Парламент төрагасы: «Бийликти сындаганыбызды пиар кылбайбыз»

Кыска кабар | 7 Сен 2023 | 264 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев «парламент бийликке сын айта албайт» деген пикирлерди четке какты. Ал өзү баш болуп, президент, өкмөт кетирген кемчиликтерди айтып турушарын белгиледи.

«Сөзсүз эле микрофондо эл көрсүн деп пиар кылбай эле жолугуп, болуп жаткан иштерди кеңешип, сын-пикирлерибизди айтып жүрөбүз. Бул жерде андай депутаттар толтура, башкалардан өзгөчөлөнбөй эле айтып жүрүшөт. Муну коомчулук билип коюшу керек. «Парламент көз каранды», «сырттан башкарылат», «көп түрдүүлүк жок» деген сөздөрдү четке кагам», — деди спикер.

Шакиев белгилегендей, парламенттин дарегине акыркы жумада орундуу-орунсуз сындар айтылып жатат.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы сентябрда үчүнчү сессиясын баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM