Биз менен байланышыңыз

Баткен окуясында талкаланган үйлөр толук курулуп бүткөнү айтылды

Кыска кабар | 7 Сен 2023 | 159 | 0

Өлкө башчы Садыр Жапаров 6-сентябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды.

Абдикарим Алимбаев Баткен облусундагы инфраструктураны жакшыртуу, коомдук имараттарды куруу, долбоорлорду ишке ашыруу чаралары боюнча отчёт берди.

Ал 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен шаарында болгон окуялардан улам жабыркаган жарандар үчүн үйлөрдүн курулушу толугу менен аяктаганын маалымдады.

Мындан тышкары Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, ага ылайык, бул айылдар толугу менен кайра курулган. Бүгүнкү күндө өрттөлгөн үйлөр толук калыбына келтирилген, бул айылдардын ички жолдору асфальтталган, жарыктандыруу иштери жүргүзүлгөн, ичүүчү суу системасы ж. б. салынган.

Ошондой эле жарандык коргонуу комиссияларынын актыларына ылайык, күйүп кеткен жана капиталдык ремонтко муктаж болгон үйлөрдүн ээлерине толук көлөмдө акча каражаттары берилген, машинасынан же малынан ажырагандарга да акчалай компенсациялар төлөнгөн.

Президент облустун курч маселелерин чечүү жана өнүктүрүү учурдагы күн тартибиндеги приоритеттердин бири экендигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM