Биз менен байланышыңыз

Парламент «Конституциялык сот жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Кыска кабар | 6 Сен 2023 | 195 | 0

Жогорку Кеңеш 6-сентябрдагы жыйынында «Конституциялык сот жөнүндө» мыйзам  долбоорун биринчи окууда жактырды.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети 5-сентябрдагы жыйынында аталган мыйзам долбоорун колдогон.

Мыйзам долбоорунда Жогорку Сот сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарды Конституциялык сотко берүү каралган.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоору Конституцияга каршы келерин белгилеп, Конституциялык соттун жана Венеция комиссиясынын корутундусу керектигин айтты. Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Конституциялык соттун корутундусу бар экенин, ал эми өзгөртүүлөрдү кабыл алуу үчүн Венеция комиссиясынын корутундусу талап кылынбай турганын билдирди.

Конституциялык соттун чечимин жокко чыгарууга жол берген мыйзам долбоорун Президенттин администрациясы быйыл июлда   сунуштаган. Мыйзам долбоорунда президенттин же конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен чечим кайра каралып, жокко чыгарылышы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM