Биз менен байланышыңыз

7-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 6 Сен 2023 | 403 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 7-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +22…+27.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM