Биз менен байланышыңыз

Кожокулова: «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракция бойдон калат

Кыска кабар | 6 Сен 2023 | 285 | 0

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова парламенттин 6-сентябрдагы жыйынында кесиптеши Адахан Мадумаровдун кармалышын сындады. Ал парламентке укук коргоо органдарынын жетекчилерин чакырып, мыйзам чегинде маалымат алууну сунуштады.

«Мадумаровду эч качан суракка чакырышкан эмес. Ал Бишкектен жана өлкөдөн чыккан эмес. Ал күттү. Ал бул иштин токтотулушуна кызыкдар экенин бир нече жолу билдирген. Фракция лидеринин кармалышы  өлкөдө Конституция, мыйзамдар, Кылмыш-процессуалдык кодекс кандай сакталып жатканын көрсөттү. Биз демократиялык жана укуктук республикабыз, бирок кайсы укук корголуп жатат?» — деди депутат.

Гуля Кожокулова «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракция бойдон каларын кошумчалап, мыйзамдардын аткарылышын, элге татыктуу мамиле жасалышын талап кылышарын белгиледи.

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрдын кечинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 24-октябрга чейин камакка алынды.

Ошол күнү аны көчөдөн ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери кармап кетишкен.

Буга чейин Башкы прокуратура «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сурап, парламентте түзүлгөн комиссия ага макулдук берген.

Маалым болгондой, депутаттык комиссия Адахан Мадумаровго коюлган төрт берененин бири, Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен жоопкерчиликке тартууга макулдук берген.

Башкы прокуратура 2022-жылы да Мадумаровду «чыккынчылык» беренеси менен айыптап, жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизген. Депутаттык комиссия ишти бир ай карап, прокурордун сунушун четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM