Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Бакировдун ордуна келген депутат ант берди

Кыска кабар | 6 Сен 2023 | 918 | 0

Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында Ош облусунун Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Равшанбек Рысбаев ант берди.

Ал мурдагы депутат Өмүрбек Бакировдун ордуна келди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду 29-августта Ош облустук милициясы кармап кеткен. Сурактан чыккандан кийин Бакиров маалымат бербөө тууралуу кагазга кол коюп чыкканын «Азаттыкка» билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-августта Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган. Сот мындай чечимди күчүндө калтырган.

Copyright © 2017 Maral FM