Биз менен байланышыңыз

Жыл башынан бери 158,2 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду

Кыска кабар | 6 Сен 2023 | 205 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-август айларында 158 млрд 25,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 2,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,1 млрд сомго көп жыйналган.

Чогулган сумманын 116 млрд 551,7 млн сомун салык жана төлөмдөр, ал эми 41 млрд 474,2 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM