Биз менен байланышыңыз

Быйыл кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат

Кыска кабар | 6 Сен 2023 | 574 | 0

Быйыл кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев 4-сентябрда «Биринчи радиого» курган маегинде айтты. Ал ошол эле учурда өчүрүүлөр болбой турганына ишендирди.

«Быйыл кыш татаалыраак болгону жатат. Буга чейин маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт дегенбиз, ошентип кыш мезгилин жакшы өткөрдүк. Быйыл суунун тартыштыгына байланыштуу чыгым да көбүрөөк болуп жатат. Ошого байланыштуу быйыл кышында электр энергиясы менен жылытууга толук тыюу салабыз. Бирок ар бир үйдө алдын ала эсеп менен 5 кВт/саат болот экен. Эч кандай маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт. «Күндүз электр энергиясы үч маал өчүрүлөт» деген сөздөр тарап жатыптыр, маалыматтар туура эмес», — деди министрдин орун басары.

Ал кошумчалагандай, электр энергиясын импорттоо маселеси чечилип жатат. Кыргызстан Орусия менен Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат.

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM