Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Эрулан Көкүловдун министрликке барганын колдошту

Кыска кабар | 6 Сен 2023 | 908 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов билим берүү министринин иш бөлмөсүнө эмнеге барганын партиялашы, депутат Марлен Маматалиев түшүндүрдү.

Айтуусунда, Эрулан Көкүловго окуу жылы башталгандан бери окуучулардын ата-энелери билим берүү маселелерине байланыштуу кайрылып жаткан. Ал элдин кайрылууларынан улам Билим берүү министрлигинен алгылыктуу жооп ала албагандыктан министрдин өзүнө барган.

«Ал депутаттык этиканы бузган жок. Министрликке байланыша албай, өзүм барайынчы деп барган. Министрдин кабинетинде жыйын болуп жаткан экен, кабылдамасында күтүп отурган, аны сырттан бир жаш бала келгенсип, күттүрүшкөн. Бирок кескиленген видеону жарыялап, Көкүловго терс пикирлер айтылып жатат. Бүгүн толук видеосун өзү чыгарат, элдин көйгөйүн чечүү үчүн барган», — деди Маматалиев.

Ушундай эле пикирди депутат Медер Алиев да айтып, учурдун депутаты мобилдүү жана ыкчам болушу керектигин билдирди. Ал айрым министрлер парламенттин комитеттеринин жыйындарына такыр келбей турганын жүйө келтирди.

Депутат Эрулан Көкүлов министрликке эмне себептен барганын түшүндүргөн видеосун өзүнүн Ютуб-каналына жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM