Connect with us

Нарын районунда 75 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Кыска кабар | 5 Сен 2023 | 240 | 0

Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылында 75 орундуу «Таберик — Эмгек Талаа» балдар бакчасы ишке берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бала бакчанын курулушу 2015-жылы башталып, 8 жылдан бери каражаттын жетишсиздигинен бүтпөй турган. Курулуш ишин «М-Стард» курулуш ишканасы жүргүздү. Жалпы сметалык баасы 32 млн сом болуп, мамлекеттик бюджеттен каржыланды.

«Президенттин көптөн бери токтоп турган социалдык объектилерди бүткөрүү тапшырмасынын негизинде курулуш иши улантылып, жаңы окуу жылына карата айыл элине белек кылынды», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM