Connect with us

Кыргызстан улуттук паспортту өзү чыгара баштады

Кыска кабар | 6 Сен 2023 | 340 | 0

Жарандардын улуттук паспорту Кыргызстанда басып чыгарыла баштады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.

Анын айтуусунда, Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Учкун» мамлекеттик басмаканасы үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынган. Эми өлкөнүн тарыхында биринчи жолу улуттук документтер басып чыгарыла баштады.

«Буга чейин дайыма Кыргызстандын жарандарынын паспорттору чет өлкөлөрдө басылып келген. Бул айрым абийирсиз аткаминерлердин, ал турсун, кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин да мыйзамсыз байышына жол ачкан. Паспорт мафиясы менен күрөшүүгө бир жыл кетти. Бул күрөштүн башында мамлекет башчысы өзү турбаганда майнап чыкмак эмес. Учурда паспорт мафиясы жоюлду. Муну менен биз мурда чет өлкөдөн буйрутма берип, үч эсе кымбат жасалып келип турган мамлекеттин жана элдин акча каражаттарын үнөмдөп калдык», — деди ал.

Султанбаев билдиргендей, паспортторду даярдоо дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө колдонулган акыркы технологиялар боюнча жүргүзүлөт. Көп баскычтуу коргоо системасы колдонулат.

Copyright © 2017 Maral FM