Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети «Конституциялык сот жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Кыска кабар | 5 Сен 2023 | 158 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети 5-сентябрдагы жыйынында «Конституциялык сот жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Мыйзам долбоорунда Жогорку сот сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарды Конституциялык сотко берүү каралган.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоору Конституцияга каршы келерин белгилеп, Конституциялык соттун жана Венеция комиссиясынын корутундусу керектигин айтты. Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Конституциялык соттун корутундусу бар экенин, ал эми өзгөртүүлөрдү кабыл алуу үчүн Венеция комиссиясынын корутундусу талап кылынбай турганын билдирди.

Конституциялык соттун чечимин жокко чыгарууга жол берген мыйзам долбоорун Президенттин администрациясы быйыл июлда   сунуштаган. Мыйзам долбоорунда президент же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен Конституциялык соттун чечими кайра каралып, жокко чыгарылышы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM