Биз менен байланышыңыз

Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болду

Кыска кабар | 5 Сен 2023 | 273 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалды. Мындай чечим 5-сентябрда кабыл алынды.

Маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктен тастыкташты.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» башкармалыгынын төрагасы болуп буга чейин Аида Төлөгөнова иштеген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов быйыл январда «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалган. 

Шыкмаматов ага чейин Инвестициялар министрлигин жетектеген. 2021-жылы 27-сентябрында ээлеген кызматынан кеткен.

Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты «Ата Мекен» фракциясынын лидери болгон. Ал эми 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясынан талапкер болуп катышкан.

Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM