Биз менен байланышыңыз

Оштун Ноокат райондук сотунун судьясынын кош жарандыгы аныкталды

Кыска кабар | 5 Сен 2023 | 333 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы Б.Н.М. чет мамлекеттин жараны экени аныкталганын маалымдады.

Маалыматка караганда, 2016-жылы Б.Н.М. Кыргызстандын жарандыгын алып, 2021-жылдын 26-июнунда Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Андан соң 2022-жылдын 30-апрелинде ротация тартибинде Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы кызматына которулган.

Талапкерлерди тандоонун жүрүшүндө Б.Н.М.нын чет мамлекеттин жарандыгы бар экени, аны жашырып жүргөнү белгилүү болгон. Буга байланыштуу судьялык кызматты ээлей албай турганы айтылат маалыматта.

29-августта прокуратура тарабынан Судьялар кеңешине Ош облусунун Ноокат районунун тергөө судьясы Б.Н.М. аттуу жаранга карата дисциплинардык иш козгоо жөнүндө өтүнүч келтирилген.

Copyright © 2017 Maral FM