Connect with us

9 айда 181 ымыркайдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү онлайн алынган

Кыска кабар | 5 Сен 2023 | 377 | 0

Кыргызстанда 9 айда 181 ымыркайдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү онлайн алынган. Бул тууралуу Санарипик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Өткөн жылдын ноябрь айынан баштап Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында «Туулгандыкты каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу» кызматы пилоттук режимде иштеп жатат. Ошондой эле бул кызматтын жардамы менен «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөк пулуна кайрылуу калтырса болот. Учурда кызмат Бишкек шаарында жана Аламүдүн районунда колдонулууда.

Арызды онлайн тапшыруу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында каттоодон өтүү;
  • Арыздын түрүн тандоо;
  • Арыз берүү учурунда арыз ээсинин иштеген жери, кызматы, жашаган дареги көрсөтүлөт;
  • Баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүңүз;
  • Туулгандыкты каттоо жана күбөлүк алуу үчүн Калкты тейлөө борборун тандоо;
  • «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөк пулун алуу үчүн арызга банкты белгилөө;
  • Даяр болгон туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн даректи көрсөтүү.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк үчүн төлөмдүн квитанциясын онлайн тапшыруу процессинде алууга болот. Онлайн кызматтан пайдалануу үчүн Калкты тейлөө борборлорунда жана Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмдөрүндө бекер берилүүчү электрондук кол тамганын болушу гана жетиштүү.

Сурап билүү телефону: 119. Чалуу бардык байланыш операторлорунан акысыз.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM