Биз менен байланышыңыз

Үч айда казинодон бюджетке 31,5 млн сом салык түштү

Кыска кабар | 5 Сен 2023 | 298 | 0

2023-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча казинолордон түшкөн салык 31 миллион 500 миң сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматтарында айтылат.

Мындан тышкары букмекердик мекемелерден жана лотереялардын ишинен 1 миллион 50 миң сом казынага түшкөн.

Муну менен үстүбүздөгү жылдын жети айында өлкө бюджети кумар оюндарынын эсебинен 32 миллион 550 миң сомго толукталды.

Кыргызстанда казино иштетүүгө биринчи жана жалгыз лицензия май айынын башында берилген. Алгачкы лицензияны «ГРАНД КАЗИНО» ЖЧКсы 84 миллион сомго сатып алган.

Оюн-зоок ишмердигин мыйзамдаштырган мыйзам долбоору коомчулукта көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан. Анын кабыл алынышына каршы чыккандар борбордо жана аймактарда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Жогорку Кеңеште да бир топ кайчы пикирлер айтылып, оюн-зоок иши жөнүндө мыйзам бешинчи аракетте кабыл алынган. Президент Садыр Жапаров казино жөнүндө мыйзамга былтыр 30-июнда кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM