Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын эл артисти Шерали Жураев 76 жаш курагында дүйнөдөн өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Сен 2023 | 517 | 0

Өзбекстандын жана Тажикстандын эл артисти Шерали Жураев кечээ, 4-сентябрда 76 жаш курагында ааламдан өттү.

Өзбекстандык ырчы, акын, композитор, актёр 1970-жылдары жылдызы жанып, ошол кездеги өзбек эстрадасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. «Биринчи махабатым», «Өзбегим», «Ачык акыйкат» сыяктуу бир катар ырлары аркылуу Борбор Азия мамлекеттерине да таанылган. Жалпысынан 600дөн ашуун ырга автор болгон.

Шерали Жураев 1947-жылы 12-апрелде Анжиян облусунун Асака районунда туулган. 1971-жылы Маннон Уйгур атындагы Ташкент мамлекеттик искусство институтун аяктаган. Эмгек жолу «Шаттык (Шодлик)» ансамблинде иштөө менен баштаган.

1987-жылы Өзбекстандын эл артисти наамын алган. 2018-жылы Тажикстандын эл артисти наамы ыйгарылган.

Былтыр 75 жылдык юбилейине карата Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Эл-журт урматы» ордени менен сыйлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM