Биз менен байланышыңыз

Мектеп окуучуларынын каникулдарынын графиги бекитилди

Кыска кабар | 4 Сен 2023 | 865 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына окуучулардын каникулдарынын графигин бекитти. Ага ылайык, күзгү каникулдар 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулат. Каникул 7 календардык күндү түзүп, сабактар 13-ноябрда башталат.

Ал эми кышкы каникул 2024-жылдын 1-январынан 14-январына чейин созулуп, сабактар 15-январда башталат. Кышкы тыныгуу 14 календардык күндү түзөт.

Жазгы каникул 11 календардык күндү түзүп, 2024-жылдын 21-мартынан 31-мартына чейин созулат. Ал эми сабактар 1-апрелде башталат.

Биринчи класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумага жазгы каникул күндөрү узартылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM