Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына окуучулардын каникулдарынын графигин бекитти. Ага ылайык, күзгү каникулдар 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулат. Каникул 7 календардык күндү түзүп, сабактар 13-ноябрда башталат.
Ал эми кышкы каникул 2024-жылдын 1-январынан 14-январына чейин созулуп, сабактар 15-январда башталат. Кышкы тыныгуу 14 календардык күндү түзөт.
Жазгы каникул 11 календардык күндү түзүп, 2024-жылдын 21-мартынан 31-мартына чейин созулат. Ал эми сабактар 1-апрелде башталат.
Биринчи класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумага жазгы каникул күндөрү узартылат.