Биз менен байланышыңыз

Коомдук ишмерлер Олжобай Шакир боюнча бийликке кайрылышты

Кыска кабар | 4 Сен 2023 | 217 | 0

Кыргызстандагы адабиятчы, тарыхчы, илимпоз, журналист, коомдук ишмерлер жазуучу Олжобай Шакирди абактан бошотуу талабы менен бийликке кайрылды.

Кайрылууда айтылгандай, Олжобай Шакирдин камалышы чоң катачылык жана анын бийликти басып алууга чакырганы чындыкка коошпойт. Жазуучу тескерисинче, улам бир төңкөрүштү кайталай бергенден оңолуу болбой турганын айтып, бүлгүнчүл күчтөрдүн бийликти басып алышына жол бербөөгө чакырып келген.

«Олжобай – маданий-агартуу ишине башын сайып, айлыксыз, өз үйүн офис кылып, күнү-түнү жанын карч уруп иштеп жаткан коомдук ишмер. Эл ичинен демөөрчү таап, канча адабий конкурстарды өткөрдү. Мындай демилге өнүккөн өлкөлөрдө сөзсүз колдоого алынары белгилүү.

«Баш кесмек бар, тил кесмек жок» – бул адамды кордоого эч качан жол бербеген, карөзгөйлүккө дайым каршы туруп келген элибиздин уңгулуу касиети. Бул — «өз пикирин, көз карашын ачык айтканы үчүн эч ким куугунтукка алынбашы керек» деген эзелки жобо.

Түркүн маселелер боюнча көз караштар сөзсүз айырмаланат, талаш-тартыш жүрүп турат. Коомдун тазарып, өнүгүүгө багыт алышы үчүн бул өтө зарыл шарт. Ар бир адамдын укугу сакталган, эч кимдин кадыр-баркы тебеленбеген, соттор мыйзамды бекем сактаган, мамлекеттик кызматкерлер коррупцияга аралашпаган, кары-жашы илим-билимди, маданиятты туу туткан, эли тозбогон мамлекетте жашасак экен деген мүдөө ар бирибиздин оюбузда болсун», — деп жазылган кайрылууда.

Жазуучу, публицист Олжобай Шакирге УКМК «массалык башаламандык уюштуруу», «бийликти басып алуу аракети» беренелери менен айып койгон. Анын 23-августта бир канча саат дайынсыз болуп, андан кийин 8 саат сурак бергени жана камакка алынганы белгилүү болгон.

Олжобай Шакир акыркы мезгилде коомдук ишмер катары «РухЭш» адабий сайтын негиздеп, журналисттик иликтөөлөрдү жасаган «Темиров LIVE» командасы менен кызматташып жүргөн. Ал «Өзбекстанга ижарага берилди» делген 4 пансионат боюнча бийликтин түшүндүрмө берүүсүн талап кылып, Фейсбук аркылуу кайрылуу жасаган.

Copyright © 2017 Maral FM