Биз менен байланышыңыз

Украинанын жаңы коргоо министри Рустем Умеров болушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Сен 2023 | 204 | 0

Украинанын коргоо министри Олексий Резников отставкага кетти. Анын ордуна теги крым татарларынан болгон, мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Рустем Умеров сунушталды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский: «Олексий Резников согуштун 550 күнүн башынан өткөрдү. Эми жаңы коргоо министри жаңы көз караштагы, жаңы ыкмадагы башкарууну билген бирөө болушу керек. Ал аскерлер менен да, адамдар менен да тил табыша билиши зарыл. Мен азыр бул министрликти Рустем Умеров башкарышы керек деп ойлойм. Жогорку Рада аны жакшы тааныйт. Аны тааныштыруунун деле кереги жок. Азыр мен парламенттен колдоо күтөм. Анткени күздө согуш кайра күчөйт», — деп билдирген.

Рустем Умеров 1982-жылы Өзбекстандын Самарканд шаарында туулган. Теги крым татары болуп, мусулман үй-бүлөдө чоңойгон. Согуш башталганга чейин Орусия менен болгон тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жигердүү катышкан. Аскердик кызматта иштеген эмес, саясатка келгенге чейин ишкерлик менен алектенген. Андан тышкары Украинадагы крым татарлары кыймылынын жетекчисинин кеңешчиси милдетин аркалап келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM