Биз менен байланышыңыз

Түркиянын омбудсмени Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди

Кыска кабар | 4 Сен 2023 | 188 | 0

Бүгүн, 4-сентябрда Түркиянын башкы омбудсмени Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди. Бул тууралуу акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алдыда акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкоч адам укуктарын коргоо жаатында кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшат.

Документ Түркиядагы Кыргызстандын, ошондой эле Кыргызстандагы Түркиянын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди камтыйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM