Биз менен байланышыңыз

УКМК: Запастагы аскер кызматкери чыккынчылыкка айыпталды

Кыска кабар | 4 Сен 2023 | 475 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети запастагы аскер кызматкеринин мыйзамсыз иштери аныкталганын кабарлады.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө («Мамлекеттик чыккынчылык») каралган кылмышты жасоого шектелген запастагы аскер кызматкери С.Ф.К.нын мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду.

Жогорку Соттун өкүмү менен кармалган жаран күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга эркиндигинен ажыратылып, жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөйт.

Copyright © 2017 Maral FM