Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 3 Сен 2023 | 185 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 4-сентябрда Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +17…+22,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +16…+21,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23,

Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM