Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коомдук транспортторго жол кирени көтөрүү сунушталды

Кыска кабар | 5 Сен 2023 | 418 | 0

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортторго жол кирени көтөрүүнү карап жатат. Долбоорду талкуулоо жана кызыкдар тараптардын сунуштарын чогултуу башталганы мекеменин сайтына жарыяланды.

Мэрия чыгымдардын өсүшүнө байланыштуу борбор калаанын коомдук транспортунда жүрүү үчүн учурдагы тарифтер керектүү көлөмдөгү каржылык ресурстарды камсыз кылбай, анын ичинде эксплуатациялык оңдоолорду, техникалык тейлөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатканын белгилейт.

«Жол кире көтөрүлсө, муниципалдык жана жеке жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканалардын экономикалык абалы жакшырып, кыймылдуу курамды өз убагында кармап туруу жана жаңыртуу мүмкүн болот. Мындан тышкары ишканалардын, ташуучулардын кызматкерлеринин социалдык абалы жакшырып, кадрлардын алмашуусу азаят», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия автобус жана троллейбустарда жүрүү үчүн жол кире канча сом болорун тактай элек, болжолдуу түрдө 20-22 сомго көтөрүү сунушталып жатканы маалым болду.

Бишкек шаарында учурда мэрияга караштуу автобус жана троллейбустарда жол кире 11 сом, жеке менчик компаниялардын кичибустары жүргүнчүлөрдү 15 сомдон ташыйт.

Август айынан бери коомдук транспортто төлөм накталай эмес түрдө жүргүзүлө баштады.

Copyright © 2017 Maral FM