Биз менен байланышыңыз

Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды

Кыска кабар | 1 Сен 2023 | 149 | 0

Бүгүн 1-сентябрда Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды.

Башкы консулдуктун консулдук округуна Карелия Республикасынын, Коми Республикасынын, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын аймактары кирет.

Жогорудагы консулдук округда жүргөн кыргыз жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген консулдук кызматтын бардык түрлөрү боюнча Башкы консулдукка кайрыла алышат.

Башкы консулдук төмөнкү даректе жайгашкан: Санкт-Петербург шаары, Верейская 9 көчөсү (метро станциялары: Пушкинская жана Технологический институт).

Телефон: +78124182422

Ыкчам байланыш телефону: +78124182422

Электрондук дареги: kgstpetersburg@mfa.gov.kg.

Жарандарды кабыл алуу күн сайын Эмгек кодексинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жумушчу күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 09.00дон 13.00го чейин жана 14.00дон 18.00го чейин жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM