Биз менен байланышыңыз

Президент аны сындап жаткандарды интернеттен чыгып, футбол ойноого үндөдү

Кыска кабар | 1 Сен 2023 | 386 | 0

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча комментарий берип, «Барселона» академиясынын филиалынын ачылышы жана жаңы стадиондун курулушу тууралуу пикирлерин билдирген.

Ал «Барселонанын» легендалары менен болгон беттеште оюн талаасынан эрте чыгып кеткенин түшүндүргөн. «Жок, чарчаган жокмун. Эки таймды тең аягына чейин ойносом деле чарчамак эмесмин. Чыгып кеткенимдин себеби мени Пуйолго кайтартып коюшуптур. Оюнду байкасаңар жанымдан чыкпай койду. Анысы аз келгенсип чабуулга өтөөрдө билектен бекем кармап алды. «Ээй жигит кармабай ойно» деп күлүп кайрылсам, «sorry-sorry» (кечиресиз) деп күлүп коёт. Кайра эле кармап алат. Кыскасы Барселонанын балдары жолдоштук беттешүүдө эмес, кадимки чемпионаттарда ойноп жаткандай аябай чоң жоопкерчилик менен ойноп жатышты. Анан элестетиңиз футболдун легендасы болсо, менден 10 жаш кичүү жаш бала болсо мени ойнотмок беле? Ошол үчүн менин ордума жаш балдар кирсин, бир аз да болсо командага күч кошот деген ой менен эле чыгып кеттим да жаш балдарды киргиздик. Бирок баары бир Барселона деген Барселона да. 3:0 менен утулдук. Дагы жакшы мен тилеп жаттым эле, баскетболдук эсеп менен жеңилбесек экен деп» — деп кошумчалаган президент.

Ошондой эле ал аны «футбол ойноп эле жүрөт» деген сындарга да жооп кайтарып, бул дени сак жашоого үндөө деп белгиледи.

«Кыргызда «Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу» деген сөз бар. Анысыңарындай күндө эле футбол ойноп жүрөт дейсиңерби. Убакытым да жок. Бир жылда эки күн ойнойт экенбиз. Май анан декабрь айында министрликтер арасында Мурас аттуу футболдук турнир өтөт. Эмне үчүн бул турнирди уюштурдук. Жаштарга пропаганда, үлгү бололу дедик. Баңгичиликке кирип кетпей, жаман иштерге барбай, керээли кечке компьютерде олтурбай спортко кызыксын дедик».

Жапаров өзүн сындап жаткандарга кайрылып, интернеттин артында күнү-түнү олтурбай спортко барууга үндөдү.

Ошондой эле, Чүйдүн Орок айылында курула турган жаңы стадион тууралуу да айтып, ал стадион толугу менен мамлекеттин акчасына куруларын жана 35 миң көрүүчүгө ылайык экенин кошумчалады.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM