Биз менен байланышыңыз

Экс-президент Жээнбеков кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 31 Авг 2023 | 179 | 0

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады. Ал куттуктоосун Фейсбук социалдык тармагындагы расмий баракчасында жарыялады.

Ошондой эле ал бүгүн, 31-августта Ош шаарында өтүп жаткан расмий иш-чараларга катышты. Насирдин Исановдун эстелигинин ачылышы, флагштоктун көтөрүлүшү аземдерине экс-президенттерден Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков чогуу катышты.

Экс-президент Жээнбековдун куттуктоосунун толук тексти төмөндөгүчө:

«Урматтуу мекендештерим!

Ар бириңиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнү менен чын ниетимден куттуктайм!

Бүгүн – мамлекетибиздин азаттыгын, элибиздин эркиндигин, жерибиздин бүтүндүгүн кайра даңазалаган, 3000 жыл мурун башталып, кээде басаңдап, кээде күчөп келген ата-бабаларыбыздын улуу көчүн кайра улаган улуу күн! Ак мөңгүлүү тоолорубуз, көк шиберлүү жерлерибиз, көз суктанткан көлдөрүбүз өзүбүзгө кайра насип болгон күн! Эң бийик дөөлөтүбүз катары өлкөдөгү бардык урууларды, улуттарды, ар кыл саясий күчтөрдү, бардык саясатчыларды бир түндүктүн алдына бириктирген күн!

Көз карандысыздыгыбыз кылымдардан кылымдарга түбөлүк сакталып, муундан муундарга мурас болуп өтүп турсун! Керемет жерибизде урпактарыбыз бактылуу турмуш уласын! Элибиз ар дайым аман, жергебиз дайыма тынч болсун!

Эгемен Кыргызстаныбызды Жараткан Кудайым өзү колдосун!».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM