Биз менен байланышыңыз

Белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнө салды

Кыска кабар | 30 Авг 2023 | 210 | 0

Кыргыз Республикасын эл артисти, белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнө салды

Сталбек Бактыгулов 1954-жылы 7-октябрда Чүй районунун Кегети айылында туулган.

1972-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында, 1976-1981-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алган.

Эмгек жолун 1979-жылы В. В. Маяковский атындагы Кыргыз Мамлекеттик Кыз-келиндер институтунда, (азыркы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ) окутуучу болуп иштөө менен баштаган.

Өмүрүн чыгармачылыкка арнаган композитор көптөгөн симфониялык, камералык-аспаптык чыгармаларды, кино жана драмалык спектаклдердин музыкаларын, обондорду жаратуу менен бирге эле, Бишкек шаарындагы музыкалык окуу жайларда окутуучу болуп эмгектенип, бир катар таланттарды, шакирттерди тарбиялап чыгаруу менен кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө өзүнүн зор салымын кошту.

Маркум менен коштошуу зыйнаты эртең, 31- августта саат 15: 00дө «Чыгыш-5» кичи районундагы өзү жашаган үйдө өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM