Биз менен байланышыңыз

Аскерлер бийиктиктен парашют менен секирүү боюнча машыгуудан өттү

Кыска кабар | 30 Авг 2023 | 127 | 0

Кечээ, 29-августта Куралдуу Күчтөрдүн абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн аймагында Ми-8 МТВ тик учагынан 600-800 метр бийиктиктен парашют менен секирүү окуу-машыгуулары болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Секирүүгө 52806, 23565 аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы,  парашют спорту жана абада сүзүү федерациясынын мүчөлөрү катышты.

Ми-8 МТВ тик учагы менен 100гө жакын аскер десант болду.

Буга чейин алардын баары милдеттүү түрдө жер үстүндө даярдыктан өтүшүп, материалдык бөлүгү, парашюттун жалпы түзүлүшү жана коопсуздук чараларын билүү боюнча зачетторду тапшырышкан. Секирүүгө «жакшы» деген баадан төмөн эмес зачетторду тапшырган аскер кызматчыларына уруксат берилген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM