Connect with us

Маданият министрлигинин чечими менен Кыргызстанда “Tik Tok” жабылат

Кыска кабар | 30 Авг 2023 | 964 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда Тик-Ток социалдык тармагын жабуу чечимин кабыл алды.

Министрликтин берген маалыматы боюнча, мекеменин дарегине бир катар бейөкмөт уюмдардын “Tik Tok” социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулары келип түшкөн.

Кайрылууда “Tik Tok” колдонуучуну кыска клиптердин виртуалдык дүйнөсүнө батырат, аларды көргөндөн кийин өспүрүмдөр тигил же бул клиптерди кайталоого аракет кылышат, алардын айрымдары балдардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Мындан тышкары, балдардын жаңы калыптанып келе жаткан психикасы али туруктуу эмес, мындай контент көз карандылыкты жаратып, өсүп келе жаткан муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизет, — деп айтылган.

Ушуга байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан бул социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө “Tik Tok” платформасын колдонууда балдардын ден-соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана ошондой эле курактык категорияны контролдоо функциялары киргизилбей жаткандыгы аныкталган,- деп кошумчалайт министрлик.

Көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен жана жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын аймагында “Tik Tok” кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим Кыргызстандые мыйзамдарынын алкагында андан ары ишке ашыруу үчүн өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM