Connect with us

Бишкекте мектеп директору пара алып жаткан учурда кармалды

Кыска кабар | 30 Авг 2023 | 657 | 0

Борбор калаадагы мектептердин биринин директору пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалыматта айтылгандай, балдарды 1-класска кабыл алууда, Бишкектеги мектептеринин биринин директору пара алып жаткан жеринен кармалды. Ага карата УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган мектептин директору К.А.Т. УКМКнын тергөө абак жайына киргизилди.

Такталгандай, директор К.А.Т.билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишим түзүп алып, балдарды биринчи класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштуруп алган. Натыйжада ал баланы 1-класска киргизгени үчүн ата-энесинен опузалап акча талап кылган, эгер баш тартса, баланы мектепке киргизбейм деп коркуткан.

УКМК Бишкек шаарынын билим берүү тармагында дагы ушул сыяктуу фактылар көп экенин белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM