Connect with us

Сириядан 105 кыргызстандык мекенине алынып келинди

Кыска кабар | 30 Авг 2023 | 368 | 0

Бүгүн, 30-августта кезектеги гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерде турушкан кыргыз жарандары мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

“Айкөл” иш-чарасы президент жана өкмөттүн тапшырмасы менен Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен Кыргызстандын жарандары алынып келинди. Алардын 31и аялдар, ал эми 64ү жашы жете элек балдар.

Кыргыз жарандарын Сириядан репатриациялоонун экинчи этабынын ийгиликтүү ишке ашыруусу тышкы саясат, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана укук коргоо органдарынын макулдашылган өз ара аракеттенүүлөрүнүн жыйынтыгында ишке ашты.

Кыргыз тарап АКШнын Өкмөтүнө бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирет, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргызстандын делегациясы аталган миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жашап турган калктын муктаждыктары үчүн керектүү дары-дармектерди жеткиришип, гуманитардык жардам да көрсөттү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM