Биз менен байланышыңыз

Президент: Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө быйыл 2 млрд сом бөлүнгөн

Кыска кабар | 29 Авг 2023 | 178 | 0

Президент Садыр Жапаров өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 2023-жылы Жалал-Абад шаарын Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилгенин бүгүнкү иш сапарынын жүрүшүндө айттып өттү.

«Өлкөбүздөгү чоң-чоң шаарларды өнүктүрүүгө мындай каражат биринчи жолу бөлүнүп берилип жатканын баса белгилей кетейин. Учурда шаардын көптөгөн ички жолдорун оңдоо жумуштары кызуу жүрүп жатат. Долбоорго бир катар өндүрүштүк ишканалар жана социалдык объектилерди куруу да камтылган. Быйыл Жалал-Абад шаарында курулуш жылы болду десем жаңылышпаймын. Муну баары Жалал-Абад шаарынын тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталат», — деди Мамлекет башчы.

Президентттин айтымында өлкө бюжетинен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнгөн. Андан сырткары да республикалык бюджеттен каржыланып жаткан курулуштар да арбын.

Ошондой эле алдыда Жалал-Абад аэропортун да шаар четине чыгарып, заманбап эл аралык аэропорт куруу пландалган.

Президент Борбор Азия чөлкөмүндө дүйнөлүк атагы бар “Барселона» футбол клубунун алгачкы академиясы Жалал-Абад шаарында ачылганын айтып, бул кыргыз футболунун тарыхындагы маанилүү окуялардын бири, — деп белгилеп өткөн.

Президент Садыр Жапаров жакынкы жылдары өлкөбүздүн башка шаарларына дагы дал ушундай багытта каражат бөлүнүп, көмөк көрсөтүлөт деп убадалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM