Connect with us

Жалал-Абадда жаңы проспектинин ачылышы болду

Кыска кабар | 29 Авг 2023 | 433 | 0

Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун ысымы берилген жаңы борбордук проспектини ачты.

«Өз кезегинде эл арасында экинчи гимн катары кабыл алынган “Кыргыз жери” ырынын автору,  кайталангыс талант Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына карата бир катар мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар өтөт, — деп белгиледи президент.

Ошол эле учурда президент жакында Түмөнбай Байзаковго (көзү өткөндөн кийин) Кыргыз Республикасынын «Эмгек баатыры» артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө Жарлыкка кол коюлганын билдирди. Ал мындай кадам көрүнүктүү инсандын эмгегин баалоого, ошол эле учурда ысымын түбөлүккө сактоого багытталган туура чечим болгонун айтты.

Садыр Жапаров 100 жылдык мааракенин алкагында Жалал-Абад шаарынын кире бериш бөлүгүндө орнотулган стелага акындын ысымы жазылып, шаардын жаңыдан реконструкциядан өткөрүлгөн борбордук көчөсүнө анын аты ыйгарылганын канааттануу менен белгиледи. Эми мындан ары Кыргызстандын үчүнчү ири шаары болгон Жалал-Абаддын негизи проспектиси Түмөнбай Байзаковдун ысымы менен аталат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM