Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанга өтүү үчүн кайсы үлгүдөгү паспорттор жарактуу экенин айтылды

Кыска кабар | 29 Авг 2023 | 413 | 0

УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан жалпы жарандык паспорт (чет элдик) менен катар эле  ID-карта менен өтө алышаарын маалымдайт.  Бул боюнча 2006-жылдын октябрында кол коюлган жарандардын өз ара каттамы жөнүндөгү өкмөт аралык макулдашууга тиешелүү өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

 Өзгөртүүгө ылайык, 1-сентябрь саат 00:00дон баштап кыргыз-өзбек чек арасынан өтүүгө Кыргызстандын жарандары үчүн 2004-ж. жана 2017-жылы чыккан ID-карталары жарактуу. Ошол эле учурда жалпы жарандык паспортту да колдонууга болот. 

 Ал эми чүнчү өлкөлөргө чыгуу  үчүн эки өлкөнүн  жарандарында тең  жанында жалпы жарандык (чет элдк) паспорттору же мамлекеттер аралык макулдашууларда аныкталган башка каттам документтери болушу керектигин УКМКнын Чек ара кызматы баса белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM