Биз менен байланышыңыз

УКМК жарандарды салттуу эмес диний агымдарга азгырылбоого чакырат

Кыска кабар | 29 Авг 2023 | 533 | 0

Кыргызстандын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарды салттуу эмес диний агымдардан этият болууга чакырат.

УКМК тарабынан “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын” ишке ашыруунун алкагында, коомдун радикалдашуусунун алдын алууга багытталган тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

«Кыргыз Республикасынын айрым жарандары, Кыргыз Республикасынын калкы үчүн салттуу эмес диний агымдардын принциптеринде үчүнчү өлкөлөрдө өз алдынча диний билим алгандар, жашаган жерине келгенде, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, алар кеп учурда мыйзамдуулуктун чегинен чыгып кеткен жогоруда аталган диний агымдардын идеологияларын жайылта башташат.

Жыйынтыгында, коомдо өздөрүнүн тар түшүнүгүнүн принциптеринин негизинде жана белгилүү ислам аалымдарынын окууларын тааныбаган айрым диний топтор пайда болуп, ошону менен башка динге ишенгендерге пайда болууда», — деп айтылат маалыматта.

УКМК салттуу эмес «Салафия» диний агымынын үгүтчүлөрү, намаз окуп жатканда катуу үн менен » Аминь» деп кыйкырып, буттарын өтө кең жайышат, «такбирде» колдорун көкүрөк деңгээлине гана көтөрүшөт, жана ошондой эле намаз учурунда алар ханафий масхабынын нормалары боюнча кабыл алынгыс көптөгөн керексиз кыймылдарга жол беришерин эскертет.

Ушуга байланыштуу мындай адаттан тыш агымдардын алдын алуу үчүн, УКМК жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы калкты сергек болууга жана диний билимди ишенимдүү булактардан, белгилүү диний ишмерлерден алып, диний сабаттуулукту өнүктүрүүгө чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM