Биз менен байланышыңыз

Эгемендүүлүк күнү 11 миңден ашык милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздайт

Кыска кабар | 29 Авг 2023 | 175 | 0

Эгемендүүлүк күнүнө карата 11 миңден ашык милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздайт.

30-августтан 1-сентябрга чейин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ИИМдин өздүк курамы «жогорулатылган» күжүрмөн даярдык баскычында кызмат өтөөгө өтөт.

Учурда жер-жерлерде саптык кароолор өткөрүлүп, анда милиция кызматкерлеринин сырткы келбети, кызматтык форманы белгиленген тартипте кийип жүрүүсү, кызматтык документтери текшерилип жатат.

Андан тышкары ар бир аймактарга жооптуу жетекчилер бекитилип, кызматкерлерге кызматтык милдетти так аткарып, жарандар менен сылык мамиледе болуп, мыйзамдуулукту сактоо боюнча нускамалар жеткирилип жатат.

Белгилей кетсек, майрам күнү 11 миңден ашык милиция кызматкерлери жогорулатылган тартипте иш алып барышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM