Биз менен байланышыңыз

Манасчы Саякбай Каралаевдин бюсту Венгрияда тургузулду

Кыска кабар | 29 Авг 2023 | 443 | 0

Кечээ, 28-августта Манасчы Саякбай Каралаевдин бюсту Венгрияда тургузулду. Бул тууралуу Улуттук «Манас» театры билдирди.

Маалыматта, Дунай жээгинде даңазалуу манасчы, “ХХ кылымдын Гомери” атыккан Саякбай Каралаевдин эстелиги тургузулду, — деп айтылат.

Аталган иш-чарага Венгрия парламентинин төрагасы жана орун басары Шандор Лежак, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнтбек Касманбетов, ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Мажарстандагы элчилер, илимий интелегенция, жергиликтүү аймактын тургундары катышкан.

«Манас» театрынын белгилүү манасчылары, дастанчылары жалпы келген конокторго өз өнөрлөрүн тартуулашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM